Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Кайыр садага

КАЙЫР САДАГА – жарандык укукта буюмдарды же укукту жалпыга пайдалуу максаттар үчүн бекер берүү. Жарандарга, дарылоо, социалдык коргоо, тарбиялоо, кайрымдуулук, илимий жана окуу мекемелерине, фонддорго, музейлерге, коомдук жана диний уюмдарга, ошондой эле мамлекетке жана жарандык укуктун башка субъекттерине берилиши мүмкүн. КРдин жарандык мыйзамына ылайык К. с-ны кабыл алууга улуксат же макулдук талап кылынбайт. Мүлктү жаранга К. с-га берүүгө болот, ал эми юридикалык жакка белгилүү максаттарга пайдалануу менен шартталуусу ыктымал. Мүлктү жаранга К. с. берүүдө мындай шарт коюлбаса, ал кадимки эле белек берүү катары эсептелет. Шайлоо укугунда К. с. берүү – талапкердин шайлоо фондун түзүүнүн булактарынын бири. КРдин шайлоо жөнүндө мыйзамдарында жарандардын жана юридикалык жактардын ушул максаттарда ыктыярдуу К. с. берүүлөрүнүн чектелген өлчөмү белгиленген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: